Октябрь акимиатында киреше боюнча штаб салык кызматынын, Октябрь райондук финансы башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда  өттү.

Биз ушул жылдын январынан мартына чейин салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу маселесин карап чыгып, март айына карата аткарууну талкууладык.

Жыл башынан бери киреше 395 миллион 192 миң 800 сом салык төлөмдөрү жана жыйымдар келип түштү, план боюнча  445 миллион 107 миң 600 сом. Аткарылышы белгиленген пландын 88,8%, аткарылбаганы 49 миллион 914,8 миң сомду түздү.

Салык кызматтарына жергиликтүү бюджеттин кирешелерин салыктын түрлөрү боюнча аткаруу боюнча тийиштүү чараларды көрүү, администрациянын экономика жана каржы бөлүмү МАБ менен биргеликте рейддерди жүргүзүү жана жаңы чарбалык субъектилердин тизмесин түзүп кийин аларды райондун салык кызматына жөнөтүү сунушталды.

Урматтуу шаардыктар! Эске салсак, 1-апрелде жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Декларацияны тапшырууга милдеттүү:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар;

- жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер;

- салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участогунун ээлери (короо жанындагы участокторду кошпогондо).