«Хулифа ал-Рашиддин» мечитинде диний уюмдардын, Бишкек мэриясынын жана райондук акимчиликтердин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын талкуулашты.

Катышуучулар Жарлык менен таанышып, үй-бүлөлүк майрамдарда, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү жана башка иш-чараларда ашыкча чыгымга жол бербөө сунушталып, чыгарылган фатфалар менен тааныштырылды.

Шаардык кызматтар имамдар менен биргеликте үй-бүлөлүк майрамдарды жана маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн уюштуруу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.