Борбор калаанын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаанын санитардык абалын жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча иштерди улантууда, шаарды уруксатсыз орнотуулардан бошотууда.

Бул жолу инспекция тарабынан Абдымомунов көчөсү, 328 дарегинде жайгашкан Ж.Баласагын атындагы университеттин алтынчы корпусунун 157 метрге жакын тосмолору алынып салынды.

Белгилей кетсек, демантаждоо «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн.
Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын иши боюнча суроолор болсо төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

Свердлов району боюнча: 0705003137;
Октябрь району боюнча: 0551551745;
Биринчи май району боюнча: 0555404818;
Ленин району боюнча: 0550070505.