Ленин районунун акими Русланбек Тагаев “Дордой Моторс” базарында болуп, эң керектүү азык-түлүктөрдүн баасына көз салды.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте базардын сатуучуларына азык-түлүк жана социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулатууга жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Район башчысы социалдык мааниге ээ болгон азык-түлүк товарларына бааны кармап, райондун калкы үчүн жеткиликтүү болушун камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында ири «Фрунзе», «Глобус», «Народный» гипермаркеттеринин арасында да түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Бааларды көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар улантылат.