Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева борбор калаанын райондук администрацияларынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө шаардыктар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү  маселеси талкууланды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында  үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө  жобону иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын курамына дин өкүлдөрү, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин депутаттары кирет.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Бул Жарлыктын максаты Кыргыз Республикасынын жарандарынын турмушунун социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле коомдогу руханий атмосферага терс таасирин тийгизген диний жөрөлгөлөрдү, ырым-жырымдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө болуп саналат.