Бишкек шаарынын  мэри Эмилбек Абдыкадыров БУУнун Европалык Экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Аткаруучу катчысынын орун басары Дмитрий Марьясин жана БУУнун ЕЭКтин токой, жер пайдалануу жана турак-жай бөлүмүнүн аймактык кеңешчиси Гүлнара Ролл менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын конуштарын өнүктүрүү боюнча эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Дмитрий Марьясин борбордун беш конушун - Калыс-Ордо, Ак-Босого, Арча-Бешик, Рухий-Мурас жана Бакай-Атаны өнүктүрүү боюнча сынамык долбоор тууралуу айтып берди.

Анын алкагында анда жашаган тургундардын жашоо сапатын жакшыртуу, өнүктүрүү комплексин иштеп чыгуу жана орун алган көйгөйлөрдү чечүү, ошондой эле инвестиция тартуу пландаштырылууда.

Өз кезегинде мэр мындан ары да жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Маалымдама: БУУ ЕЭКтин колдоосу менен төмөнкү долбоорлор ишке ашырылууда: акылдуу жана туруктуу шаардын шаардык профили, коронавирустук пандемиянын шаар экономикасына тийгизген таасири.