Ленин райондук администрациясы “HYDE PARK” эс алуу борбору менен биргеликте 25 балага майрам уюштурду.

Балдар үчүн ат минүү, зоопаркка баруу жана түшкү тамак уюштурулду.

Иш-чарага борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева жана Ленин районунун акими Русланбек Тагаев катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында  аким мындан аркы жемиштүү кызматташуунун белгиси катары уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, "HYDE PARK" эс алуу борборуна муниципалдык администрациянын ыраазычылык баракчасын тапшырды.