Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинде борбордун архитекторлору менен болгон жумушчу жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча КРнын Мамлекеттик курулуш агентигие караштуу шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу куруучулар менен жолугушту.

Мэрдин тапшырмасы менен курулуш компанияларынын жетекчилери менен аларга чектеш аймактардагы курулуш объектилеринде тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле Бишкек шаарын көрктөндүрүү боюнча эрежелердин сакталышы эскертилди.

Бул багыттагы иштер улантылууда.