Эл аралык аялдар күнүнүн алдында райондун акимдери айымдарды майрамы менен куттукташты.

Октябрь районунун башчысы Мирлан Эшкожоев баатыр энелер Гулайым Абдылдаеваны,Тахмина Кайыкованы жана Кыргыз ССРинин Социалисттик Эмгектин Баатыры Мукен Сыдыкованы куттуктады жана материалдык жардам көрсөттү.

Ленин акимиаты 1955-жылы туулган ардактуу Баатыр эне Маматеминова Сонунбаны куттуктады, ал 9 балалуу. Сонунбу Маматеминова 39 неберенин жана 14 чөбөрөнүн чоң энеси. Райондук бюджеттин эсебинен материалдык жардам көрсөтүлүп, баалуу белектер тапшырылды.

Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев 9 баласы бар Гүлзат Тойгонбаеваны жана 4 баланын энеси Кожомкулова Кайыркулду куттуктады. Аларга азык-түлүк себеттерин тапшырып, ден-соолук, жылуулук жана кубаныч каалады.

Свердлов акимиаты да көп балалуу энелерди, Баткен жана апрель окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле СССРдин Социалисттик эмгегинин баатырын куттуктады. Райондук бюджеттин эсебинен акчалай материалдык жардам көрсөтүлдү.

Жолугушуу учурунда айымдарга бекем ден-соолук, бакубатчылык жана ачык асман каалашты.