Борбор калаанын багбандары “Эко Деми” коомдук фонду менен биргеликте жашылдандыруу акциясын жарыялоодо.

Бул акциянын максаты жашыл мейкиндиктерди толуктоо жана борбордун экологиялык имиджин сактоо болуп саналат.

Эми шаардыктар шаарда өз алдынча бак өстүрө алышат, буга “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жардам беришет.

Урматтуу шаар тургундары! Акцияга катышууну каалагандар 0504 21 06 00, 0701 321 014 номурларына же Ташкент көчөсү №17дарегине кайрыла алат.