Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын (КРПМБА) ректору Алмазбек Акматалиев менен жолугушту.

Жыйынга Бишкек шаарынын казысы Самидин Атабаев, медресенин башчысы Расулбек Сариев, Биринчи май районунун имамынын орун басары Махамадин Разыков катышты.

Биринчи май районунун аймагына таштандыларды бөлүп чогултуу үчүн урналарды орнотуу пландалууда. Алгачкы этапта таштанды контейнерлерине: айнек, кагаз, желим, темир жана тамак-аш калдыктарын атайын маалымат стикери чапталат.

Академиянын студенттери шаардыктарга толук маалымат берүү үчүн  катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, китепчелерди таркатышат.

Белгилеп кетсек, таштандынын кээ бир түрлөрү 100 жылдан 500 жылга чейинки мөөнөттө чирийт, ал эми тамак-аш калдыктары метанды бөлүп чыгарып, полигондо өзүнөн-өзү өрттөнүүгө жана түтүнгө алып келет, ушуга байланыштуу  тамак-аш калдыктарын,  кайра иштетүүгө жарамдуу таштандыларды бөлүү шаардын экологиясына тийгизген зыяндуу таасирин азайтат.