Шаарды көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча инспекциясы калаанын санитардык абалды жакшыртуу жана мыйзамсыз курулуштардан  калааны бошотуу боюнча иш алып барууда.

Медеров жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде дүкөнү бар мыйзамсыз курулган эки кабаттуу объекттин ээлери өз ыктыяры менен имаратты бузушту.

Тиешелүү аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 114-беренесине ылайык (айып: 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин), шаар тургуну Токтомажинов Д.(П.Лумумба көчөсү, 79/1), «Эмарк Строй» компаниясы (Токомбаева, 115а) жоопкерчилик тартат.

Өндүрүштүк калдыктарды башаламан таштагандыгы үчүн 115-берененин 2-бөлүгүнө ылайык «Алтын» зергер дүкөнүнө (Ибраимов көч., 108а) 23 миң сом айып салынды.

Урматтуу шаардыктар! Борборду көрктөндүрүү жана жерди пайдалануу эрежелерин сактоону суранабыз.

Инспекциянын ишине байланыштуу суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

Свердлов району: 0705003137;
Октябрь району: 0551551745;
Биринчи май району: 0555404818;
Ленин району: 0550070505.