“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына  ылайык, 10-мартта саат 9:00дөн 20:00гө чейин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза суу токтотулат.

Турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда суу убактылуу токтотулат.

Суу токтотуу «Энесай» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын жана мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.