Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаар тургундарын  келе жаткан 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Алгач пенсионер Самсакова Райхан Ахатовнага бардык. Ал 1947-жылы 22-майда Алма-Ата шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Эмгек жолун станок-эсептөө станциясында башкы оператор, андан кийин бригадир болуп иштөөдөн баштаган. 1985-жылы жолдошунун кызматына байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келген.

Райхан Ахатовна эки баланы тарбиялап өстүргөн, бир уулу 1995-жылдан бери Кой-Таш айылында капитан наамы менен медпункттун башчысы болуп эмгектенип келет. 1999-жылы Баткен окуясына катышып, 2000-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоп, согушта курман болгон.

Райхан Ахатовна Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында КЖҮ (каза болгон жоокерлердин үй-бүлөсү) катары каттоодо турат, квартал сайын үч миң сом өлчөмүндө стипендия алат.

Ошондой эле калаа башчысы пенсионер Синусова Нина Ивановнаны жеке өзү куттуктады. Ал 1921-жылы 8-июлда туулган, УАМСтун жесири жана тылдын жумушчусу, 1932-жылга чейин туулган  катары каттоодо турат.

Бишкек шаарынын мэриясы кымбаттуу айымдарыбызды, апаларыбызды жана чоң апаларыбызды, эже-карындаштарыбызды жана кыздарыбызды келе жаткан жаз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт!