8-март – Аялдардын эл аралык күнүн утурлай Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн бардык аймактарынан келген ар кыл кесиптин өкүлдөрү менен жолугушту. Алардын арасында троллейбустун айдоочусу, Бишкек шаарынын тургуну Сагынбаева Гүлсара Абдылдаевна бар.

Гүлсара Абдылдаевна 1982-жылдан бери Бишкек троллейбус башкармалыгында эмгектенип, 2007-жылы 2-класстагы айдоочу, 2016-жылы 1-класстагы айдоочу болгон.

Бишкек шаарынын мэриясы Гүлсара Абдылдаевнаны сыйлыгы менен, ошондой эле бардык айымдарды келе жаткан майрамы менен куттуктайт!