Билим берүү башкармалыгы М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин базасында мектеп окуучуларынын чет тили боюнча шаардык олимпиадасын өткөрдү.

Олимпиадага Бишкектин орто мектептеринин 76 окуучусу төрт чет тилде: кытай, корей, немис жана француз тилдеринде катышты.

Калыстар тобун Бишкектеги ЖОЖдордун – К.Карасаев атындагы БМУнун,   И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КМУнун, М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү, Бишкектеги Француз Альянсы жана Кыргыз Республикасындагы корей тил борборунун өкүлдөрү  жетектеди.  

24 окуучу шаардык олимпиаданын жеңүүчүлөрү болушту.

Кытай тили (октуунун тереңдетилген деңгээли):

1-орун - Нурзат Чолпон кызы, №69 ОТК МГ;
2-орун - Альбина Кенжебаева, №6 АОТК МГ;
3-орун - Салымбекова Бекаалы, №95  ОТК МГ.

Кытай тили (базалык деңгээл):

1-орун - Аманзода Мавзуна, №24 МГ;
2-орун - Карабекова Мээрим, №24 МГ;
3-орун - Талантбекова Тахмина №68 ОТК МГ.

Корей тили:

1-орун - Замирова Жасмин, №6 АОТК МГ;
2-орун - Бекназарова Айзада, №31 МГ;
3-орун - София Мусаева, №9 ОТК МГ.

Немис тили (тереңдетилеген деңгээл):

1-орун - Асилбекова Айпери, Г. Гмайнер атындагы  SOS ОТК;
2-орун - Назик Абдылдаева, №23 ОТК МГ;
3-орун - Аширалиев Нурсултан, №69 ОТК МГ.

Немис тили (базалык билим деңгээли):

1-орун - Жеңишова Сайкал, №19 орто мектеп;
2-орун - Бердиева Элнура, №78 МГ, Кубанычбекова Айжанат, №5 УИТМЛ;
3-орун - Айпери Болотбекова, №78 МГ.

Француз тили (тереңдетилген деңгээл):

1-орун - Алмазбекова Элнура, №6 АОТК МГ;
2-орун - Кыдыралиева Арина, №26 ГК, Хасанова Эвелина, №26 ГК;
3-орун - Булгакова Лиза, №6 ГК.

Француз тили (базалык деңгээли):

1-орун - Акунова Алина, №26 ГК
2-орун - Ким Камила, №26 ГК;
3-орун - Уланова Нагима, №24 МГ.

Борбор калаанын мэриясы жеңүүчүлөрдү жакшы көрсөткүчтөрү менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.