Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардыктарды жеке кабыл алды.

Шаар башчысынын жеке кабыл алуусуна 15 шаар тургуну келип, суроолорун беришти. Алар негизинен борбордук канализация, газдаштыруу, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жана материалдык жардам көрсөтүү маселелерин көтөрүштү.

Эмилбек Абдыкадыров бардык жарандарды кунт коюп угуп, шаардык кызматтарга маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында чечүүнү тапшырды.