Борбор калаанын “Ынтымак-2” сейил багында 5-март “Ак калпак” күнүнө карата “Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү” иш-чарасы өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш- чараны Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов куттуктоо сөздөрү менен ачты.

Иш-чаранын мазмууну улуттук кийимибиздин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына өнүктүрүү жана башка улуттарга жайылтуу болуп саналат.

Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы, кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Кыргыз эли байыртадан бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын, улуу күндүн символу жана ыйык белгиси катары башынан түшүрбөй кийип келген.