Ленин районунун жетекчилиги райондук аскер комиссариатын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө алар иштин жүрүшү жана кадрлар менен таанышып, окуу жайдын абалын текшерип, чарбалык маселелерди жана комиссариаттын ишин жакшыртуунун жолдорун карашты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-февралындагы №44- Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 2022-жылдын 26-февралындагы №116- буйругунун негизинде 2022-жылдын 1-мартынан 30-майына чейин жарандар кечиктирилгис аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылып, ар кандай себептерге байланыштуу  убакыт берүү иштери жүргүзүлөт.

Чакырылгандардын жарактуулугунун даражасын аныктоо жана аскердик кызматка жараксыздарды запаска которуу үчүн чакыруу комиссиясы түзүлөт, анын курамына комиссиянын төрагасы- аскер комиссары, муниципалдык администрациянын өкүлү, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери жана адистерден турган медициналык комиссия.
Райондук кызматтарды текшерүү уланууда.