Борбор калаанын мэриясында калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун  Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ мырза менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаары менен боордош Куми шаарынын (Түштүк Корея Кёнсан-Пукто провинциясы) ортосундагы эки тараптуу мамилелердин мындан аркы келечегин талкуулашты, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү маселелерине токтолушту.

Шаар башчысы Кореянын шаарлары менен шаар турмушунун ар кыл багыттары боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде элчи Бишкек шаарынын мэрине кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кореянын башка шаарлары менен достук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.