Урматтуу шаардыктар, айдоочулар! Эртең, 3-мартта борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлөт.

Буга байланыштуу саат 8:00дөн 12:00гө чейин төмөнкү тилкелерде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет:

• Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин;
•  Раззаков көчөсү М.Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
• Орозбеков көчөсү  М.Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
• Абдымомунов көчөсү  Панфилов көчөсүнөн  Эркиндик бульварына чейин.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан маршрутун алдын ала пландап алууну суранат.