Ленин жана Биринчи май акимчиликтеринде жолдорду оңдоо боюнча райондук штабдын жыйыны өттү.

Жыйындын катышуучулары 2021-2022-жылдарга Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен “Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү концепциясынын экинчи фазасын” ишке ашыруунун жүрүшүн карашты.

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Ленин районунда жалпы узундугу 29,5 чакырымды түзгөн 25 көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү каралган. 2021-жылы узундугу 20,9 км болгон 16 көчөдө жол иштери жүргүзүлдү.

Отчеттук мезгил ичинде 11 көчөдө жол куруу иштери аяктап, 5 көчөдө жолду оңдоо иштери 2022-жылдын 28-февралынан тарта жанданат. 2022-жылы жалпы узундугу 8,6 чакырымды түзгөн 9 көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда.

Эске салсак, 27-февралдан бери Месароша көчөсү Дэн Сяопин проспектисинен Жамгырчинов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо иштери үчүн жабылган.

Биринчи май районунун аймагында 2021-2022-жылдарга жалпы узундугу 14,3 чакырымды түзгөн 13 көчөнүн жолдорун реконструкциялоо каралган.

2021-жылы узундугу 12 км, 11 көчө оңдолгон. 6 көчөдө жол иштери бүткөрүлүп, 5 көчөдө курулуш сезонунун башталышы менен иштер жанданат.

Түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөргө тоскоолдуктарды бузуу же демонтаждоо, көчөлөрдү, имараттарды жана объектилерди оңдоо боюнча менчик ээлерине билдирүүлөрдү жөнөтүү тапшырылды. Инженердик-коммуналдык кызматтар жол жумуштары башталганга чейин инженердик тармактарды даярдоону аякташы керек.