Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар биримдигинин директору Бектурган Орозбаев менен жолугушту.

Шаарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча алдыңкы тажрыйбаны өздөштүрүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясы менен чет мамлекеттердин борборлорунун ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелери көтөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар биримдигинин директору Бишкек шаарынын мэриясы санариптештирүү жана калкка кызмат көрсөтүү жаатында өлкөбүздүн башка шаарларына жана айыл өкмөттөрүнө алдыңкы үлгү экенин белгиледи.
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, башка муниципалитеттер менен тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларды колдоорун билдирди.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу биримдиги борбордук жана жергиликтүү деңгээлде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргойт, Кыргыз Республикасында өз жарандарынын бакубат жашоосу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.

2020-жылы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу биримдиги Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көпчүлүгүн бириктирген бирикме болуп саналат.