Капиталдык курулуш башкармалыгы жалпы аянты 2300м2 болгон №76- орто мектепти реконструкциялоого тендер жарыялайт.

Үч кабаттуу имаратты реконструкциялоо жүк көтөрүүчү конструкцияларды бекемдөө менен ишке ашырылат, ошондой эле капиталдык оңдоо да пландаштырылган.

Мектептин айланасын көрктөндүрүү дагы каралган. Объектини реконструкциялоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер! Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg