Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен шаардык кеңешинин төрагасы Алтынбек Аширов жана Баткен шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментинин директору Акрамали Акматовдон турган Баткен шаарынын делегациясын кабыл алды.

Жолугушууда эки шаардын ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоо, тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Айбек Жунушалиев борбор калаанын муниципалитетинин атынан Баткен шаарына жана анын тургундарына ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Имамназар Бурканов Бишкек шаарынын тургундарына, борбор калаанын мэри баштаган шаардык кызматтардын бардык кызматкерлерине Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал учурунда материалдык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуудан кийин коноктор «Бишкекжарык», «Тазалык» жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык чарбалык кызматтарынын иши менен таанышты.