Бүгүн борбор калаада профессор А.Молдокулов атындагы №5- Улуттук компьютердик гимназиясынын жаңы окуу корпусунун ачылышы болду.

375 студенттик орунга ылайыкталган жаңы кеңейтүү 14 окуу бөлмөсүнөн, ашканадан, актовый жана спорттук залдардан турат. Жалпы аянты 2297,10 м2.

Объектте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин буйругу менен ФАО «Арыкан Иншаат Таахют Тижарет» подряддык компаниясы иш алып барган.

Келишимдин баасы 990 миң 546 АКШ долларын түзүп, каржылоо Сауд өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 97 мектеп жана 86 бала бакча иштөөдө.

Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Мамкурулушуна, «27 мамлекеттик мектепти куруу» долбоорун ишке ашыруу боюнча координациялык топко, Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчилигине жана Сауд өнүктүрүү фондуна жаш бишкектиктерди тарбиялоодо заманбап тенденцияларды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет.