Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Ташкенттин акими Жахонгир Артыходжаев эки борбордун ортосундагы байланышты чыңдоо маселесин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаарды көрктөндүрүү, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана катуу таштандыларды башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Тараптар шаарлар ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүү зарылдыгын белгилешти.

Жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясы менен Ташкент шаарынын акимчилигинин ортосунда 2022-2024-жылдарга карата иш-чаралардын планына кол коюлду.

Мындан тышкары, шаардык муниципалитеттин башчысы «Технопарк» ЖЧКсынын, «Махсустранс» мамлекеттик унитардык ишканасынын, шаардык транспорт башкармалыгынын «Тошшахартрансхизмат» АКнын ишмердүүлүгү менен таанышты.