“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына боюнча, 17-февралда саат 9.00дөн 18.00гө чейин “Жеңиш” жаңы конушунда таза суу токтотулат.

Бул “Жеңиш” суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды жана мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.