Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата борбордогу мектептерде эрдик сабактары өтүүдө.

Борбор Азиядагы дүйнө жүзүн айланып учкан биринчи учкуч, Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Союзбек Салиев Ленин районундагы №72- мектеп-гимназиясынын 6-классынын окуучуларына эрдик сабагын өткөрүп, окуучуларга ийгиликтин формуласы менен бөлүштү.

Союзбек Салиев Борбор Азияда биринчилерден болуп дүйнө жүзүн бир моторлуу учак менен айланып учкан. Ал 64 күндө дүйнөнү айланып өткөн.

Баатырларыбыздын эрдиктери жаш муундарга шыктандырат жана жакшы үлгү берет.