Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Сарылбек уулу Улан Биринчи май районунун акиминин экономика жана каржы боюнча биринчи орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин ал Бишкек шаарынын мэриясынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.