“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына бонча, 15-февралда саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда таза суу токтотулат.

“Таксомоторный” суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт.

Өчүрүү аймагы:
- Элебесов көчөсү, № 60 дарегиндеги "Алтын ажыдаар" рестораны;
- Медеров көчөсү,  №48Б дарегиндеги "Алтын ажыдаар" мейманканасы;
- Жукеев-Пудовкин көчөсү, №41А дарегиндеги  оор атлетика боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектептеби;
- Медеров көчөсү, № 44 дарегиндеги  “Таксомоторный” суу алгыч базасы;
- Жукеева-Пудовкин көчөсү, №44/1 дарегиндеги административдик имарат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.