Калктын социалдык жактан аялуу катмарын колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругу менен Бишкек шаарынын мэриясына гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнү камсыз кылуу тапшырылды. Гуманитардык жардам Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн.

4-февралдан тарта гуманитардык жардам 22 пунктта бөлүштүрүлө баштады: Ленин району – 6, Свердлов району – 5, Биринчи май району – 5, Октябрь району – 6.

Гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө муниципалитетке турмуштук оор кырдаалда турган, калктуу конуш статусуна ээ болбогон (жаңы курулуштар) конуштарда жашаган жарандардын категориясын эске алуу тапшырылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардамды калк үчүн бөлүштүрүү пункттарына жеткирүүгө жардам берди.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз гуманитардык жардам алуу керек болсо, жооптуу кызматкерлердин телефон номерлерине кайрылыңыздар:

- 510201, 577430 - Октябрь району;
- 530506, 360114, 360335 - Свердлов району;
- 670381 - Биринчи май району; - 653746, 653892, 653746 - Ленин району.