Шаарды көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча шаардык инспекциясы шаар аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш алып барууда.

Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар: техникалык тейлөө станциясы (Карасаев көч. № 33), вулканизация (Д. Сяопин пр. № 507), шаар тургуну Стаев Д., жашылча-жемиш дүкөнү (“Көк-Жар” кичирайону, 2/3) болгон.  Тартип бузгандардын бардыгы КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылып, 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат.

«Чыгыш-5» кичи районундагы үйлөрдүн биринин тургуну подъездге тиричилик таштандысын коюп салган, ал үчүн 115-берененин 2-бөлүмү менен 7500 сом айыпка жыгылды. Чечим кабыл алынды.

Курулуш шаарчасынын жараны Абдулдабеков А., өзүм билемдик менен казуу иштерин жүргүзгөн. 179-берененин 2-бөлүгүнө ылайык айып салынып, 5500 сом өндүрүп алуу чечими чыгарылган.

Урматтуу шаардыктар! Көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушу боюнча суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар:

Свердлов району боюнча: 0551551745;
Октябрь району боюнча: 0505523832;
Биринчи май району: 0555404818;
Ленин району боюнча: 0554222213.