Шаарды көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча шаардык инспекциясы шаар аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш алып барууда.

Кар жааган мезгилде чарбалык субъектилер менен аймактарды кардан жана муздан тазалоону эскертебиз. Таң эртеден баштап инспекторлор 315ке жакын мындай объектилерди кыдырып чыгышты.

Тилекке каршы, айрым ишкерлер көрктөндүрүү эрежелерине ылайык ишканалар, уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлери, көп батирлүү турак-жайлардагы турак жана турак эмес жайлардын ээлери, жеке турак жайлардын менчик ээлери жанаша жайгашкан аймактарды кар жана муздан тазалоо иштерин өздөрү жүргүзүүсү керектигин унутуп коюшат.

Көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушу боюнча суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

Свердлов району боюнча: 0551551745;
Октябрь району боюнча: 0505523832;
Биринчи май району: 0555404818;
Ленин району боюнча: 0554222213.