Жол-транспорт инфраструктурасы департаментине коомдук транспортто бир нерсесин жоготуп алган же таап алган шаар тургундары көп кайрылышат.

Мындан улам аталган департамент шаардыктар кайрыла ала турган жоголгон жана табылган буюмдар үчүн кеңсе уюштурду.

Эгерде сиз коомдук транспортто кандайдыр бир нерсени жоготуп алсаңыз же таап алсаңыз, анда азыр сизге шаар боюнча тигил же бул маршрутту издөөнүн кереги жок, департаментке кайрылып, издөөнү бир топ жеңилдетүү үчүн арыз калтыруу жетиштүү болот.

Арызда жоготулган, табылган нерсени деталдуу түрдө баяндап, каттамдын номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү зарыл.

Урматтуу шаардыктар! Кайрылууларды7-апрель көчөсү, 4а дареги боюнча же WhatsApp номери: 0502 205 202 боюнча калтырсаңыздар болот.