Биринчи май акимчилигинин имаратында райондун башчысы Жамалбек Ырсалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май райондору боюнча 2022-жылдын 27-февралына пландаштырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүүгө даярдык боюнча штабдын жыйыны өттү.

Жыйынга шаардык мекеме-ишканалардын жана райондук кызматтардын жетекчилери катышты.

Штабдын мүчөлөрү шайлоону уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына өз убагында көмөк көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында УШКларды үзгүлтүксүз электр энергиясы, интернет жана антисептиктер  менен камсыздоо, өрт коопсуздугун жана коомдук тартипти көзөмөлдөө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттарды түзүү, ал эми шаардык кызматтарга УШКлардын аймагын санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, Биринчи май районуна 60 участкалык шайлоо комиссиясы жайгаштырылган.

Ошондой эле, шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн 0 (312) 62-11-61 ишеним телефондору түзүлүп, 0999312666 WhatsApp номуруна саат 09:00дөн 18:00гө чейин фото жана видеолорду жөнөтсөңүздөр болот.

Кыргыз Республикасынын БШК ишеним телефону: 1255; 0(312)660240