Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы орто билим берүү мекемелеринде курулуш иштерин жүргүзүүгө тендер жарыялайт.

№10чу орто мектепте жүк көтөрүүчү конструкцияларын бекемдөө менен имаратты реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, №73чү орто мектептин аймагына кошумча имарат курулат.

№35чи орто мектепке спорт залды кошумчалоо зарыл. №6- Автордук окуу комплексинин аймагында спорттук жана актовый залдары бар окуу корпусун куруу пландаштырылууда.

Объектилердин капиталдык курулушу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер! Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg