Ленин районунун акими Русланбек Тагаев №31- мектепти текшерүү жүргүздү.

Аким окуу жайдын абалын текшерип, мектептин чарба маселелерин, ошондой эле окуу процессин жакшыртуунун жолдорун карады.

Айта кетсек, мектептин долбоордук кубаттуулугу 650 окуучуга ылайыкталган, бирок бүгүнкү күндө мектепте 1963 окуучу эки нөөмөт менен билим алууда, бул себептен окуучулардын орун жетишсиздиги курч болууда.

Өз кезегинде райондук администрация Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына кошумча окуу корпусун куруу боюнча долбоордук-изилдөө иштерин иштеп чыгууну карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган.

№31чи мектептен тышкары №13чү, №95чи, №82чи жана №96чы мектептерге кошумча имараттарды курууга арыздар жөнөтүлгөн.