Шаарды көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча шаардык инспекциясы шаар аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш алып барууда.

Тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 114-беренесине ылайык 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин төмөндөгүлөр  жоопкерчиликке тартылат:

- “Дордой” конушундагы кампа, Чүй проспекти №140 дарегиндеги “Менделеев” бары, Алтымышев көчөсүндөгү шаар тургуну Ж.Осмоналиева, Абдрахманов көчөсү №119 дарегиндеги акча алмаштыруучу жай, Ахунбаев көчөсү №110 дарегиндеги «Любимый» дүкөнү, Пушкин көчөсүндөгү шаар тургуну Э. Сарпашева.
- ишканалар: Л.Толстой көчөсү №148/2 дарегиндеги «Саян Фарм» ишканасы, Скрябин көчөсү №76 дарегиндеги «Нурстан» ишканасы .

Асанбаев көчөсүндөгү жол курулушуна келтирилген зыян үчүн «BSK Capital» ишканасы «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 177-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 17 000 сом өлчөмүндө жоопкерчилик тартат.

Бирок, өздөрүнүн жосунсуз жоруктарын мойнуна алышпаган жана аларды четтетүү боюнча эч кандай чараларды көрүшпөгөн тартип бузуучулар дагы бар, мындай учурларда муниципалдык инспекция алар боюнча андан ары кароо жана белгилуу чечимдерди кабыл алуу учун административдик комиссияны чакырат.

Урматтуу шаардыктар! Шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузулушуна күбө болуп калсаңыздар төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.