Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун колдоосу менен борбор калаада республикалык бюджеттин эсебинен 15 мектеп жана бир бала бакча куруу пландаштырылууда.

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-февралындагы №45-р буйругуна ылайык, 2022-жылы билим берүү объектилерин курууга 1,5 млрд сом өлчөмүндө каражат каралган.

“Көлмө” конушундагы №78- мектептин жаңы окуу корпусун, “Ак-Босого”, “Рухий-Мурас”, “Алтын-Ордо”, “Мурас-Ордо”, “Ак-Ордо” конуштарында  жаңы мектеп, ошондой эле “Ак-Бата” конушуна спорт залын жана китепкана куруу пландаштырылууда.

Ошондой эле №6, №40, №20, №75, №73- мектептерине жаңы окуу корпустарын куруу, №76 мектептин конструкциясын бекемдөө жана капиталдык оңдоо,  №10- мектептин тирөөч конструкцияларын бекемдөө менен имаратты реконструкциялоо, №35- мектепке спорт залын куруу жана “Жал” кичирайонунда 140 орундуу бала бакча куруу каралган.

Бул иш-чаралар шаардагы билим берүү мекемелеринин жетишсиздигинин көйгөйүн чечүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 13-декабрындагы № 561чи Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, “Кечиктирилгис чаралар жөнүндө балдардын башталгыч, негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга конституциялык укугун камсыз кылуу»  ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, буга чейин бир катар объектилерге тендер жарыяланган, курулуш тармагынын өкүлдөрүн сынактарга катышып, муну менен борбор калаага балдардын сапаттуу билим алуусуна жагымдуу шарттарды түзүүгө колдоо көрсөтүүнү суранабыз.

http://zakupki.gov.kg/popp/view/order/view.xhtml?id=316650637
http://zakupki.gov.kg/popp/view/order/view.xhtml?id=316316666
http://zakupki.gov.kg/popp/view/order/view.xhtml?id=316892881