“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаарды кардан тазалоого даяр.

Шаардын 133 көчөсүндө туз себүү жана тазалоо иштери жүрүүдө.

Тазалоо иштерине 32 техника: МАЗ үлгүсүндөгү 26 кар тазалоочу, ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү 1 туз чачуучу машина, 2 жүктөгүч жана 4 универсалдуу машина тартылды. Ошондой эле жол тейлөө кызматынын 40 кызматкери жана 628 көчө тазалоочу шаардын көчөлөрүн тейлөөдө.

Урматтуу шаардыктар! Эгер жол боюндагы айрым участоктор тазаланбаганына күбө болсоңуздар, бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын WhatsApp: 0554 182 185 номерине же 1840 жана 1850 номурларына кабарласаңыздар болот. Ошондой эле, калган аймактардагы карды, музду тазалоо, жолдордун жүрүүчү бөлүгүн жана тротуарларды туздоо үчүн бул аталган номурларга кайрылыңыздар.