Калктын социалдык жактан аялуу катмарын колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругу менен Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

4-февралдан тарта гуманитардык жардам 22 пунктта бөлүштүрүлө баштады: Ленин району – 6, Свердлов району – 5, Биринчи май району – 5, Октябрь району – 6.

Борбор калаага 792,35 тонна бөлүнгөн. Райондор боюнча:

- Свердлов району: 215,50 тонна;
- Биринчи май району: 231,75 тонна;
- Ленин району 181,10 тонна;
- Октябрь району 164,00 тонна.

Гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө муниципалитетке турмуштук оор кырдаалда турган, калктуу конуш статусуна ээ болбогон (жаңы конуштар) конуштарда жашаган жарандардын категориясын эске алуу тапшырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардамды элге таратуу пункттарына жеткирүүгө көмөктөштү.