Октябрь районунда балдардын иштери боюнча комиссиянын отуруму болуп өттү.

Жыйынга социалдык кызматкерлер, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери, райондук билим берүү борборунун, ички иштер бөлүмүнүн, пробация органынын өкүлдөрү, психолог, Республикалык психиатрия жана наркология борборунун медициналык-психологиялык жардам бөлүмүнүн башчысы катышты.

Комиссия мүчөлөрү энени уулу менен бирге Бишкек шаарындагы SOS-Балдар айылындагы кризистик борборго убактылуу жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карашты. Ошондой эле социалдык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үй-бүлөнү каттоодон чыгаруу маселеси каралып, үй-бүлө менен жекече иш жүргүзүүнүн пландары жана баланы коргоонун жеке пландары бекитилди.

Психологиялык жардамга муктаж суициддик жүрүм-туруму бар жашы жете элек балдар Балдарга жардам көрсөтүү борборуна жөнөтүлүп, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунда текшерүүдөн өтүшөт.

Өткөн жылы комиссия 37 отурум өткөрүп, 305 материалды караган. 2022-жылга бекитилген планга ылайык, Балдар иштери боюнча комиссия турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды улантат.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуздар, райондун балдарды жана үй-бүлөнү колдоо телефонуна кайрылыңыздар:

- Биринчи май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.

Балдарга жардам борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111.