“Бишкекгорлифт” муниципалдык ишканасынын адистери көп кабаттуу үйлөрдө жайгашкан лифттердин техникалык абалын текшерүүдө.

Текшерүүнү Бөкөнбаев көчөсү №14 дарегиндеги шаардыктарды тейлеген лифттерден баштадык.

Адистер эшиктердин, шахталардын жана кабиналардын кандай иштешин текшеришти. Бул лифттерге 37 жыл болду, алар канааттандырарлык иштеп жатат.

Ошондой эле үй комитети жана жашоочулар менен жолугушуу болуп, анда аларга Турак жай ээлеринин бирикмесин түзүү сунушталды. Себеби, лифтти колдонуудагы мыйзамдарга ылайык алмаштыруу процесси Турак жай ээлеринин бирикмеси түзүлгөндө гана болот, алар талап кылынган документтердин тизмесин түзүп, ишканага берет.