Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы Бишкек шаарынын Патрулдук милиция бөлүмү менен биргеликте транспорттук ишканалардын жетекчилери жана айдоочулары менен кеңешме өткөрдү.

Жолдордо шаардыктардын коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланып, коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун катышуусундагы жол кырсыктарынын себептери, ошондой эле автоунаанын техникалык жана санитардык абалы талдоого алынды.

Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев жооптуу кызматкерлерди өз милдеттерин так аткарууга жана КР мыйзамын бузбоого чакырды. Ал милдеттерин так аткарбаган кызматкерлер иштен алынып эле калбастан, жоопкерчиликке тартыларын дагы эскертти.

Коомдук транспортто санитардык эрежелерди сактоо үчүн Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Транспорт инспекциясы менен биргеликте департаменттин адистеринен турган мобилдик топ түзүлдү. Бул көчмө топ транспорттун ичинде маска режиминин жана санитардык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын сакталышын күн сайын текшерип турушат.

Жыйындын жыйынтыгында жүргүнчүлөрдү тейлөө тартибин жана коомдук транспорттун айдоочуларынын жол эрежесин так сактоосуна көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.