«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы бак-дарактарды кыш мезгилигде отургузуу уланууда. Учурда борбор калаанын багбандары Масалиев көчөсүн бойлото арчаларды отургузууда, буга чейин Курманжан- Датка, Ч.Валиханов, Логвиненко, Орозбеков, Гагарин, ошондой эле Чүй жана Ч.Айтматов көчөлөрүндө кышкы көчөттөрдү отургузуу иштери аяктаган.

Белгилей кетсек, 2022-жылы багбандар эки миңден ашык ийне жалбырактуу дарактарды отургузууну пландоодо. Ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн маанилүү артыкчылыктарынын бири - жалбырактуулар мактана албаган жыл бою жашыл бойдон туруп көрктөндүрүшү. Ийне жалбырактуу дарактар абаны тазалоо процессине жана адамдын организмине оң таасирин тийгизген фитонциддерди бөлүп чыгарышат, бул өзгөчө унаалар жана жөө жүргүнчүлөр көп топтолгон жерлерде абдан маанилүү.

Айтмакчы, отургузуу материалы «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын №1чи питомнигинде өстүрүлгөн.

Бак-дарактарды кыш мезгилигде отургузуу жана багуу иштери улантылып жатат