Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев шаардык билим берүү тармагынын иши боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө билим берүүнүн сапаты, мектептердин көрсөткүчтөрү менен санариптик карта түзүү, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилерин ротациялоо жана мектептердин айланасына тосмо орнотуу маселелери талкууланды.

Буга чейин муниципалитет мектептердин аймактарын торчо менен тосуу боюнча норманы алып салуу бөлүгүндө СанПинге өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин демилгелеген. Окуучулардын коопсуздугун эске алуу менен бул демилгени четке кагуу чечими кабыл алынды.

Калаа башчысы билим берүү мекемелеринин тосмолорун этап-этабы менен куруу планын иштеп чыгып, учурдагы санитардык нормаларга ылайык тосмолорду калыбына келтирүүнү тапшырды.