Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Мирлан Парханов менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө мэр департаменттин жетекчилигине маданият жана спорт, жаштар саясаты жана туризм тармагына бирдей көңүл буруу милдетин койду. Айтмакчы, буга чейин туризм тармагы муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн функцияларына кирген эмес.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгынын башчысы 2021-жылдын 7-октябрынан 3-ноябрына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгында ички аудит жүргүзүлгөндүгүн билдирди. Анын жыйынтыгы менен 18 067 800 сомдук мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган.

Айбек Жунушалиев Мирлан Пархановго аныкталган кемчиликтерди көзөмөлгө алып, калыпка салууну тапшырды.

Эске салсак, аталган башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн оптималдаштыруу, ошондой эле Маданият башкармалыгынын жана Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн.