Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жетекчилиги менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жаңы башкармалык шаардын мүлкүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде жашырылган же эсепке алынбаган объектилерди аныктоо аркылуу муниципалдык менчиктин реестрин тактоо, ченемдик-укуктук базаны кайра карап чыгуу жана ижара акысын көбөйтүү, ошондой эле карыздарды өндүрүү боюнча ишти күчөтүү максатында түзүлгөн.

Башкармалыктын курамына шаардын салыктык эмес кирешелерин түзүүчү беш мекеме-ишкана кирди: Муниципалдык менчик башкармалыгы, Жер ресурстар башкармалыгы, Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары, Бишкекжарнама жана Шаардык парктар.

Мэр мекеме жетекчилеринин алдына быйылкы жылы шаардык бюджетке салыктык эмес кирешелерди көбөйтүү тапшырмасын коюп, чыгашаларды оптималдаштырууну да тапшырды.

2022-жылы борбор калаанын бюджетине салыктык эмес төлөмдөрдүн жана кирешелердин агымы жылына 900 миллион сомдон 2 миллиард сомго, ал эми келечекте 5 миллиард сомго чейин өсүшү керек.