“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 1-февралга карата жаңы конуштардын тургундарына 1256 техникалык паспорт берилген.

«Жер-Ынтымагы» конушунан 1070 арыз кабыл алынып, 1039 техникалык паспорт берилген.

Ошондой эле, “Ала-Тоо”, “Дордой”, “Арча-Бешик”, “Керамическая”, “Төкөлдөш”, “Ак-Ордо”, “2-Черепки”, “Кара-Жыгач”, “Тынчтык”, “Учкун”  конуштарынан 2021-жылдын 13-декабрынан бери 1901 кайрылуу кабыл алган.

2022-жылдын 11-январынан тарта “Дордой-2” жаңы конушунда иш башталып, жашоочулардан 419 арыз берилип, бүгүнкү күндө 88и даяр.

17-январдан тарта “Ак-Тилек” конушунда иш башталып, 186 арыз кабыл алынган. “Ак-Босого” конушунун тургундарынан 610 арыз түшкөн.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан баштап ишин баштаган.

Көчмө бригадалары өз билемдик менен курулган турак-жай жайгашкан жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң Техникалык паспорт даярдашат. Шаардыктар ошондой эле түздөн-түз Мамлекеттик каттоого кайрылып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

Техникалык паспортту даярдоо жер тилкесин мыйзамдаштырууга  укук бербейт, анда кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтар гана камтылган. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мыйзамсыз иш-аракеттерге күбө болгондорсоңуздар, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөбүз.

Каттоо үчүн керектүү документтердин тизмеси төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: https://www.meria.kg/ru/post/23317\